Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстан-Кытай: үч келишимге кол коюлат


Бүгүн Бишкек убактысы боюнча түшкү саат 3тө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолугат. Жолугушууда үч макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө. Алар: чек араларды бекемдөө тууралуу макулдашуу, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин кызматташтыгы жана Кытай Кыргызстанга берчү грант.

3-сентябрда президент Атамбаев баштаган делегация Кытайдын Бээжин шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналган парадга катышат. Тяньаньмэнь аянтында өтө турган параддан 10 миңге жакын жоокер, анын ичинде миңге жакын чет өлкөлүк жоокерлер да өтмөкчү. Алардын арасында Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 74 жоокери да бар. Кытай тарап 40 түрлүү 500 техниканы, 20 түрлүү 200 учакты парадга алып чыгары күтүлүүдө. Парадга ардактуу кароолдун аялдар бөлүгү да катышат. Ага дүйнөнүн 50гө жакын мамлекет башчысы чакырылып, алардын отузу келди. Мамлекет башчынын Кытайга болгон иш сапары кечээ башталган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаевдин Кытайга визити 3-сентябрда жыйынтыкталат. Президент Бээжинден кийин Иранга расмий иш сапар менен барат. (КЕ/ZMa)

XS
SM
MD
LG