Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Казак акчасы дагы арзандады


Алматыдагы акча алмаштырган жайлардын бири, 20-август, 2015.
Алматыдагы акча алмаштырган жайлардын бири, 20-август, 2015.

Казакстандын фондулук биржасындагы бүгүн эртең мененки соодада АКШ долларынын орточо баасы кечээкиге караганда 6, 21 теңгеге кымбаттап, бир доллар 241, 15 теңгеге барабар болду.

Казак өкмөтү 20-августта теңгенин курсун эркин кое бергенин жарыялаган соң, теңге кескин арзандап, анын бир долларга чаккандагы баасы 255 теңгеден ашып кеткен. Андан бери теңгенин баасы кайра аздап өсө баштаган. Теңге эркин кое берилгенге чейин бир доллар 218 теңгенин тегерегинде эле.

Өлкөнүн улуттук банкы өткөн жумада биржадагы соодага кийлигишпесин жана валюталык интервенция жасабасын билдирген.

XS
SM
MD
LG