Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Соттор шайлоо талаштарын чечүү жолдорун үйрөнүүдө


Соттор шайлоо өнөктүгүндө талаш маселелерди чечүү боюнча окуудан өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. 20га жакын соттор шайлоо мыйзамдарындагы жаңы жоболор, шайлоо өткөрүү жана уюштуруу маалында ички иштер, прокуратура кызматкерлеринин ролу, иш-милдеттери, ыйгарым укуктары, шайлоо маалындагы талаш маселелер жана аны чечүү жолдорун окушууда. Бул тренинг-семинарды Жогорку Сот алдындагы судьялардын окуу борбору жана Борбордук шайлоо комиссиясы БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүүдө.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо учурунда, андан кийин ар кандай маселелер боюнча сотко кайрылган учурлар көп кездешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG