Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Будапештте мигранттардын митинги уланууда


Венгрия -- Келети бекетиндеги мигранттардын митинги. Будапешт, 1-сентябрь, 2015.

Венгрия -- Келети бекетиндеги мигранттардын митинги. Будапешт, 1-сентябрь, 2015.

Германия менен Батыш Европанын башка өлкөлөрүнөн баш калка алууну көздөгөн жүздөгөн мигранттар Будапешттин эл аралык темир жол бекетинин алдында нааразылык акциясында турганына экинчи күн аяк басты. Венгер баш кааласындагы "Келети" темир жол бекетинде турган бир канча жүздөгөн мигрант "Бизге тынчтык керек, биз тынчтыкты каалайбыз", - деп кыйкырып турушат.

Кечээ жүздөгөн мигранттар Австрия жана Германияга кетчү поюздарды басып алууга аракет кылгандан кийин бекеттен бардык адамдар чыгарылып, имарат жабылган. Бешим ченде Келети вокзалы кайра ачылган. Бирок мигранттар үчүн эмес, ага билети жана тийиштүү визалары бар жүргүнчүлөр гана киргизилүүдө. Бийлик вокзалда тартип орнотуп, Евробиримдиктин эрежесин киргизүүгө аракет кыларын билдирди. Бекеттин жанында эки миңден ашуун мигрант топтолгону кабарланган.

Евробиримдикке мүчө Венгрияга өткөн айда эле 50 миң мигрант кирген. Алардын көбү коога капшабына кабылган сириялыктар, ирактыктар жана ооганстандыктар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG