Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

ЖК: депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулбайт


Жаңы чакырылышта шайланган эл өкүлдөру ишке киргенче азыркы депутаттар маянасын алып, ыйгарым укуктарын колдоно алышат. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо учурунда айлык акысын алып, калган жеңилдиктерди дагы колдонушат. Бул боюнча "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин аппаратынан билдиришти. Учурдагы мыйзамчылардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыш шайланып ишке киришкенде гана токтотулат. Шайлоого катышып жаткан 92 депутат дагы бул жеңилдиктерди колдоно алат.

Бүгүн парламент кворумдун жоктугунан отурумду өткөрө алган жок. Көпчүлүк депутаттар үгүт иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга жөнөп кеткендиги маалым болду. (JM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG