Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Бишкекте кыргыз-жапон музыкасы жаңырат


Улуттук консерваторияда бүгүн уюштурулуп жаткан концерт Жапониядан келген музыкант Мита Рёнун демилгеси. Кайрымдуулук багытындагы маданий иш чарада кыргыз ырчылары менен жапониялык өнөрпоздор эки элдин чыгармаларын эки тилде тартуулашат. Концерт кечинде өтөт, кирүү акысыз экенин уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришти.

Кыргызча ырларды аткарып жүргөн Мита Рё жакында Гүлүм Касымбаева аттуу көзү азиз кызды Жапонияга алып кетип, ал жакта вокалдан окутарын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG