Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды узартат


Европа Биримдиги Орусияга жана Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы мурда киргизилген санкцияларды 2016-жылдын 15-мартына чейин узартканы жатат. Мындай чечим биримдик элчилеринин бүгүнкү жыйынында кабыл алынып, ага ушул айдын ортосунда министрлер кол коюшары күтүлүүдө. Бул чара Москва менен жикчилерди Украина чыгышындагы урушту токтотуу боюнча февралда макулдашылган Минск келишимин аткартууга мажбурлоону көздөйт.

Санкциялар алгач Орусия былтыр Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий-техникалык көмөк көрсөткөнгө байланыштуу киргизилген. Тизмедеги 150 адамдын көбү орусиялык депутаттар, ишкерлер жана Донбасстагы жикчилердин лидерлери. Мындан тышкары 37 компания жана башка уюмдар бар.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG