Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Кыргыз футболчулары бүгүн Иордания менен беттешет


Кыргызстан-Австралия беттеши. Бишкек, 16-июнь

Кыргызстан-Австралия беттеши. Бишкек, 16-июнь

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында Иордания курамасы менен беттешет.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн Иорданиянын Амман шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат ондо башталат. Мелдешти малайзиялык башкы калыс Мохд Бин Якуб көзөмөлдөйт. Ага мекендештери Сиванесан Мунианди менен Мохамад Бин Зайнал жардамдашат.

Буга чейин кыргыз футболчулары дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында конокто Бангладеш курамасын 3:1 эсебинде утуп, өз жеринде австралиялык футболчуларга 2:1 эсебинде жеңилишкен. Ал эми Иордания оюнчулары тажикстандык атаандаштарын 3:1 эсебинде утуп алышкан. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG