Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Москвадагы элчилик биометрика үчүн акча алынып жатканын төгүндөдү


Орусиядагы кыргыз элчилигинде иштегендер мигранттардан биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн акча алып жатат деген маалыматты элчиликтин 2-катчысы Айымкан Кулукеева төгүндөдү. Шаршемби күнү айрым булактар Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын айткандарына таянып, элчилик биометрикалык маалымат топтоо үчүн ар бир мигранттан 18 доллардан сурап жатканын жазган эле.

Кулукеева акчалуу кызмат көрсөтүлө электигин, шайлоо жакындап калгандыктан өздүк маалыматтарды топтоо өнөктүгү жанданганын билдирди. Анын айтымында, 2-сентябрдан тарта элчиликтин үч кызматкери базарларда иштеген кыргызстандыктардан да биометрикалык маалыматтарды топтоо менен алектене баштады.

Быйылкы парламенттик шайлоодо өздүк маалыматын тапшырган кишилер гана добуш берет. Ал үчүн чет элдеги элчиликтерде да биометрика өнөктүгү жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG