Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 05:36

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берүүнү баштады


Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бүгүнтөн тарта ишкерлерге насыя берүүнү баштайт. Каражат эки багытта берилет. Кардарлар 3 млн. долларга чейинки өлчөмдө "РСК" жана "Айыл банк" аркылуу алса болот. Эгер 3 млн. доллардан көп өлчөмдө алса, анда фонддун өзүнө кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун басма сөз катчысы Кубан Сагынбеков билдирди:

"Насыя 12 үстөк-пайыз менен беш жылга чейинки мөөнөткө берилет", -деди ал.

Каражат айыл чарба, кайра иштетүү, өндүрүш жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөнүн мурдараак өкмөттөн кабарлашкан.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы кору 1 млрд. доллар. Бул акча Кыргызстанга ЕАЭБге кирүү шартында колдоо көрсөтүү максатында берилген. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG