Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

ДСУ Украинада шал илдети чыкканын жарыялады


Ооганстан -- Шалга каршы эмдөө.
Ооганстан -- Шалга каршы эмдөө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Украинада шал оорусунун эки учуру катталганын билдирди. Бул Европада мындай илдетке байланыштуу 2010-жылдан берки алгачкы учур. Уюмдун 2-сентябрдагы билдирүүсүндө Украинанын түштүк-батыш тарабындагы эки бала шалга кабылганы айтылат.

ДСУ ага өлкөдөгү балдардын тең жарымдайы шалга каршы эмдөөдөн өтпөгөнү себеп болду деп эсептеп, Украинада анын жайылып кетүү коркунучу жогору экенин эскертти. Ошондой эле кошуна Румыния, Польша, Венгрия жана Словакияда илдеттин таралуу тобокелчилиги төмөндүгүн белгиледи.

Полиомиелит, же балдардын шал оорусу - борбордук нерв системасын жабыркатчу инфекциялык илдет.

XS
SM
MD
LG