Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Пакистандагы аба соккусу жоочулукка шектелген 30дай кишини тындым кылды


Пакистан армиясынын өкүлдөрү өлкөнүн түндүк-батыш аймагында Талибан согушкерлери деп шектелген 31 адам жок кылынганын билдирди. Маалыматка караганда, 2-сентябрда Шавал өрөөнүнө жасалган аба соккусунан кеминде 17 шектүү согушкер тындым болуп, алар калкаланчу төрт жай кыйратылган. Аба соккулары негизинен Түндүк жана Түштүк Вазиристандын ортосундагы уруулар байырлаган чек ара аймагына жасалды. Бул аймактан жайкын тургундардын көпчүлүгү былтыр Пакистан талибдерге жана алардын союздаштарына каршы операция баштаган учурда чыгарылган.

Мындан сырткары 2-сентябрда Хайбер районундагы аба соккусунан да 14 согушкер жок кылынып, алтоо жаракат алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG