Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Улуттук коопсуздук кеңеши 2-сентябрда жаңы аскердик доктрина кабыл алды. Анда Орусия аскерий атаандаш катары сыпатталат жана Киевдин НАТО мүчөлүгүнө кошулуу жараянын тездетүү маселеси каралган.

Доктрина кол коюу үчүн президент Петр Порошенконун кароосуна жиберилди. Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн мамлекет башчысы “бул документ Орусия Федерациясын расмий түрдө аскерий атаандаш катары гана тастыктабай, өлкө чыгышында жана түштүк аймактарда зарыл аскерий инфраструктура түзүүгө да жол ачарын” белгиледи. Ошондой эле украин армиясы 2020-жылга чейин НАТО стандарттарына бүт дал келген абалга жетиш зарылдыгын кошумчалады.

Москва Украина чыгышындагы согушка эч кандай тиешеси жок экенин айтып келет жана Киевдин НАТОго мүчө болушун колдобойт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG