Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Будапештте мигранттар менен полиция кагылышты


Венгрия баш калаасындагы темир жол бекетинде Германияга жана башка Батыш мамлекеттерине кетүүгө уруксат берүү талабы менен наарызылык акциясын өткөрүп жаткан мигранттар менен полиция кагылыша кетти. Күч кызматкерлери бир канча адамды кармаганын, аларды күч менен поюзга отургузуп, качкындарды кабыл алуучу жерге алып кетишкенин BBC кабарлады.

Келети бекетинин аймагында легалсыз мигранттардын акциясы эки күндөн бери уланууда. Венгрия бийлиги Шенген визасы жок качкындарды бекетке жакын жолотпой атат.

Ал эми Чехиянын Бржецлав шаарында полиция 200дөй легалсыз мигрантты поюздан түшүрүп калды. Алар Жакынкы Чыгыштагы уруш болуп жаткан өлкөлөрдөн Түркия жана Балкан өлкөлөрү аркылуу өтүп, Австрия жана Венгрияга, андан ары Европанын башка өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылышууда.

Серепчилердин айтуусунда, Европа Экинчи Дүйнөлүк согуш жана 1990-жылдары Балкан капсалаңынан бери биринчи жолу мыйзамсыз мигранттар мындай чоң агымына туш болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG