Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

“Росинбанк”: Кардар өз каражатын эч кандай чектөөсүз алып кете алат


Мындай кабарды “Росинбанктын” маалымат кызматынын жетекчиси Оксана Бедаш “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кардар келишимди мөөнөтүнөн мурун бузууну кааласа, ага эч тоскоолдук болбойт.

-Кардар өзүнүн каражатын эч кандай чектөөсүз алып кете алат. Ошондой маанайга туш болгондор жума күндөн тарта акчасын алып кетүүдө. Бирок кооптоонууга негиз жок.

Быйыл августтун аягында “Росинбанктын” уюштуруучулары “Инвесторгбанк” жана “Вокбанкка” Орусиянын Борбордук банкы чектөө киргизип, депозиттерди коргоо чараларын баштаган. Орусияда чектөө киргизилер замат Кыргызстандын Улуттук банкы да “Росинбанктын” банктык операцияларын көзөмөлгө алды.

“Росинбанк” Кыргызстанда 2013-жылдан бери иштеп келатат. Учурда банктын 120 миңден ашуун кардары бар экенин маалымат кызматы билдирүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG