Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

БШК Мырзакматовду каттабай койду


Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого ат салышчу партиялардын тизмесин каттоодо. Комиссия “Ата Мекен” партия тизмесиндеги үчүнчү талапкер Мелис Мырзакматовду каттоодон баш тартты.

Буга чейин “Ата Мекен” Мырзакматов тизмеден чыкпастыгын, партия айткан сөзүнөн эч качан кайтпастыгын ырастаган билдирүү тараткан.

Ош шаардык соту "Улуттар биримдиги" партиясынын жетекчиси "Ата Мекен" менен шайлоого чогуу бараткан Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз коротту, деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган.

17-августта Ош облустук соту Мелис Мырзакматов боюнча шаардык соттун өкүмүн карап, аны өзгөртүүсүз калтырган. Мырзакматов жана анын жактоочулары сот саясий буйруктун негизинде мыйзамсыз чечим чыгарганын айтышат.

Мыйзам боюнча соттолгон адам шайлоого катыша албайт. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG