Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Шайлоо өнөктүгүнө ЕККУнун 36 байкоочусу көз салат


Парламенттик шайлоо жараянына ЕККУнун 36 байкоочусу көз салат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында айтылды. Байкоочулар 20-сентябрга чейин өздөрүнүн арызын берип, байкоо иштерине катышарын билдириши керек. Ал эми добуш берүү күнү ЕККУдан 350 байкоочу келет.

Аталган уюм адатта шайлоого бир күн калганда үгүттүн жүрүшү жана шайлоодон кийин добуш берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча отчетун жарыялайт.

Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо болот. Ага катышууга 14 партия укук алды. БШК бүгүн шайлоодо ат салышчу партиялардын тизмесин каттады. (КЕ/SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG