Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстанда "Улуу Жибек жолунун жылдыздары" фестивалы өтөт


Кыргызстанда "Улуу Жибек жолунун жылдыздары" аттуу II көркөм өнөр фестивалы өтөт. Мындай кабарды "Азаттыкка" Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтин маалымдашынча, иш чара "Мильтенберг Lions клубунун" демилгеси менен биринчи ирет 2013-жылы өткөрүлгөн. Иш чара оболу Бишкекте, андан соң Ысык-Көлдө уланат.

"Бул жолу дагы Бавариянын музыканттары жана көркөм өнөрдүн башка өкүлдөрү келишет. Кыргызстандыктарга фольклор, классика, жаз музыкалары сунушталат. Кыргыз жана немец сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Бардык иш чара бекер өтөт", -деп маалымдашты Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен.

Фестиваль 5-сентябрда башталып, бир жумага созулат. (JM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG