Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Будапешттин темир жол бекети качкындар үчүн ачылды


Австрия жана Германияга шашылган мигранттар. Венгрия, Будапешт. 3-сентябрь.
Австрия жана Германияга шашылган мигранттар. Венгрия, Будапешт. 3-сентябрь.

Венгриянын баш калаасы Будапешттеги “Келети” темир жол бекетинин жетекчилиги качкындардын эки күнгө созулган нааразылык акциясынан кийин аларга вокзалдын эшигин ачты.

Темир жол бекетинин жанында түнөгөн эки миңден ашык мигрант поезддерди көздөй шашылганы менен вокзал жетекчилиги батыш Европага бара турган поезддер “белгисиз мөөнөткө токтогонун” билдирди.

“Келети” темир жол бекетиндеги качкындардын нааразылык акциясы шейшемби күнү башталган. Жүздөгөн мигранттар Австрия жана Германияга кетчү поезддери басып алууга аракет кылгандан кийин бекеттен бардык адамдар чыгарылып, имарат жабылган.

Европага агылган качкындардын саны быйыл рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Июль айында эле 100 миңден ашык мигрант Евробиримдиктин аймагына киргени маалым болду.

Бейшембиде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан качкындар кризисин талкуулоо үчүн Еврокомиссиянын өкүлдөрү менен жолугат.

Буга чейин расмий Будапешт миганттардын көйгөйүн чечүүдө Еврокомиссия абдан “жумшак” болуп жатканын айтып, сындап келген.

Комиссия кийинки жумада жарыялана турган, мигранттарды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө бөлүштүрүү планын түзүүдө.

XS
SM
MD
LG