Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

“Ата Мекен”: Мырзакматовдун депутат болору сот аркылуу чечилчү маселе


“Ата Мекен” партиясы өз тизмесинде үчүнчү болуп бараткан Мелис Мырзакматовдун катталбай калышы боюнча билдирүү таратты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктарынан ашып кеткени белгиленген.

“Мелис Мырзакматовду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча атайын чечимин кабыл алуу менен БШК, мыйзамдуу укуктарынан аша чапты. Партия шайлоодо ийгиликке жетишкен шартта Мелис Мырзакматов депутат боло алабы? Бул сот аркылуу чечиле турган маселе. Эгерде сот Мелис Мырзакматов депутаттык күбөлүккө ээ болууга укугу жок деп чечсе, албетте, партия жана талапкер өзү да мындай чечимге баш иет. Бирок, Мелис Мырзакматов эч кандай күмөнсүз кампанияга катышып, талапкер статусуна ээ боло алат. БШК сот адилеттигин өз мойнуна албоого тийиш”, - деп жазылат билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн шайлоого ат салышчу партиялардын тизмесин каттады. Анда БШК Мелис Мырзакматовду каттоодон баш тарткан.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен сыртынан жети жылга соттогон. Мырзакматов жана анын жактоочулары сот саясий буйруктун негизинде мыйзамсыз чечим чыгарганын билдиришүүдө. Мыйзам боюнча соттолгон адам шайлоого катыша албайт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG