Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Аляска жээгинде Кытайдын аскер кемелери пайда болду


АКШ президенти Барак Обаманын Аляскага жасаган сапары маалында.
АКШ президенти Барак Обаманын Аляскага жасаган сапары маалында.

Бул тууралуу шаршембиде Пентагондун өкүлдөрү маалымдашты. Кытайдын беш аскер кемеси учурда Алясканын жээгинде Беринг деңизинде жүрүшөт.

Кытай аскер-деңиз флотунун түндүк аймактарда алгачкы ирет пайда болушу АКШ президенти Барак Обаманын Аляскага жасаган сапарына туш келди.

Пентагон маалымдагандай, кытай аскер кемелери эч кандай мыйзам бузбай, эл аралык мыйзамдарды жана эрежелерди сакташууда.

Пентагондун маалымат катчысы Жефф Дейвистин айтуусунда, кытай аскер кемелери бул жерге кандай максатта келишкендери азырынча белгисиз.

Вашингтондогу “Мурас” корунун эксперти Рейтер агенттигине берген маегинде расмий Бээжин бул акция аркылуу Кошмо Штаттарга Кытай аскер-деңиз флотунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көргөзүүнү көздөп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG