Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

ЮНИСЕФ: 13 миллион бала согуштун айынан мектепке барбайт


Сириялык качкындардын балдары Ливанда ЮНИСЕФтин чатырчаларында сабак окуп жатышат.

Сириялык качкындардын балдары Ливанда ЮНИСЕФтин чатырчаларында сабак окуп жатышат.

Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы куралдуу кагылышуулардан улам 13 миллиондон ашык бала мектепке барбайт.

Бул сан Сирия, Ирак, Йемен, Ливия жана Судандагы мектеп жашындагы балдардын 40 пайызын түзөт. Улуттар уюмунун балдар кору- ЮНИСЕФ 3-сентябрда жарыялаган докладда жазылгандай, эгер жаңжалдар өрчүсө, бул сан жакынкы айларда бир жарым эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Эл аралык Education Under Fire уюму Сирия, Ливия, Йемен жана Суданда тогуз миңдей мектеп имараты жарактан чыкканын кабарлады.

ЮНИСЕФ быйыл балдарды билим менен камсыз кылуу үчүн кошумча 300 миллион доллар керектигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG