Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Bloomberg: Кыргыз сому кунун жоготуу алдында турган валюталардын катарында


11 улуттук валюта кунун жоготуу алдында турганын Bloomberg агенттиги жарыялады. Бул тизмеде кыргыз сому да бар.

BMI Research анализдөө борборунун серепчилеринин баамында, Кыргызстан Казакстан менен тыгыз байланышта болгондуктан сом дагы коңшу мамлекеттин экономикасына көз каранды.

Теңгени опурталдуу валюта катары баалаган Bloomberg казак акчасынын кескин арзандашын божомолдойт. Теңгенин таасири астында тажик сомониси дагы 10-20 пайызга төмөндөшү айтылат. Анткени, Тажикстандын тышкы соода алакасынын 11% Казакстан менен жүргүзүлөт. Борбордук Азия мамлекеттеринен Түркмөнстандын манаты дагы бул тизмеге кошулган. Манаттын 20 пайызга арзандашы күтүлөт. Ага Түркмөнстандын экономикасы мунай затты экспорттоого негизделип, Орусия менен байланышы түрткү болору айтылат. Рублдын кесепети армяндардын драмынын наркын 15 пайызга түшүрөт. Куну кача турган валюталардын катарында Сауд Арабиянын риалы, Египет фунту, түрк лири, Нигерия найрасы, Малайзиянын ринггити бар. (JM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG