Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Венеция кинофестивалы “Эверест” тасмасы менен ачылды


"Сейде" фильминен кадр.
"Сейде" фильминен кадр.

Лидо аралында өтүп жаткан 72-эл аралык Венеция кинофестивалынын ачылышында исландиялык режиссер Бальтазар Кормакурдун “Эверест” тасмасы көрсөтүлдү.

Тасма 1996-жылы Эверест тоо чокусуна көтөрүлүп баратып бороонго туш болгон бир нече топтун трагедиясын баяндайт. Тасмага Жош Бролин, Жейк Жилленхол, Кира Найтли жана Робин Райт аттуу актерлор тартылган.

2-сентябрда башталган фестивалдын конкурстук программасында 20 ашуун тасма көрсөтүлөт. Алардын арасында Оскар сыйлыгынын ээси Том Хупердин “Даниялык бийкеч” деп аталган фильми да бар.

Кыргызстандан режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы кыскаметраждуу фильмдердин сынагына катышат.

“Кыргызсинема” компаниясынан билдиришкендей, кыргыз тасмасы эл аралык кинофестивалда алгач ирет көрсөтүлүүдө.

Негизги сынактагы калыстар тобун мексикалык режиссер Альфонсо Куарон жетектейт, фестивалдагы жеңүүчүлөр 12-сентябрда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG