Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Сариев: шайлоодо каражат эмес, программа жеңиш керек


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн өкмөт жыйынында шайлоого аттанган партияларга кайрылып, анын жыйынтыгы чыккандан кийин кандай болгон учурда да шайлоону таанууга чакырды. Ал шайлоодо акча каражаты эмес, программа утушу керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы коомдук тартипти бузуп, чагымчылык кылууну көздөгөндөр тууралуу маалыматтар бардыгын ачыктады. Ошону менен бирге Ички иштер министрлиги шайлоо маалында коопсуздукту камсыздоого толук даяр экенин билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия катышат. Үгүт иштери эртең, 4-сентябрда расмий башталат. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG