Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

МАИчилерге жеке машиналарын колдонууга уруксат берилди


Мындан ары жол кайгуул кызматкерлери өзүнүн жеке машиналарын кызмат үчүн колдоно алышат.

Бирок алар жеке унаасына жарыктандыруучу шаймандарды бекитип, атайын белгилерди жармаштыруусу керек. Ошондон кийин гана Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу ИИМдин сериясындагы номерлер жана техникалык талон берилет. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, МАИчилер мындай автоунааны кызматтан тышкаркы учурда колдоно албайт же атайын белгилерин, өз номерин тагып, пайдаланса болот.

Мындай чечим Жол кайгуул кызматындагы унаа жетишсиздигинен улам кабыл алынган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG