Парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялар бүгүн (3-сентябрь) расмий түрдө үгүт өнөктүгүн баштады. Жер-жерлердеги жолугушуулар, партияларды жарнамалоо иштери бир айга созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда, 3-октябрда токтотулат.
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялар жөнүндөгү PR-макалаларды, үгүттөөчү маек жана маалыматтарды буга чейин каттоодон өткөн гезит-журналдар менен теле-радиолор гана жарыялоого укуктуу.
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген, ага 14 партия ат салышууда. (SE)