Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Пахтанын баасы чечиле элек


Жалал-Абад облусундагы пахта терген келиндер.
Жалал-Абад облусундагы пахта терген келиндер.

Ош жана Жалал-Абад облустарында быйылкы пахта терими башталганына карабай, ак буланын баасы дагы эле чечилген жок. Айыл чарба министрлиги түшүм жана сатуу боюнча байкоо иштери бүткөндөн соң анык маалымат болорун “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда пахтаны негизинен жеке жана эл аралык уюмдар сатып алып, бааны да ошолор чечет. Өткөн жылы ак алтындын бир килограммы 32-34 сомдун тегерегинде сатылган. Бирок дыйкандар чыгымды актоо үчүн аз дегенде 50 сом болушу зарылдыгын айтып келишет.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда пахта аянттары 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки-үч эсеге азайган. Мурда 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 миң тоннага чейин ак алтын жыйналса, учурда баа көтөрүлбөй жаткандыктан 20 миң гектардан ашуун жерге гана эгилген. Жыйналган түшүм Түркия, Кытай, Орусия мамлекеттерине сатылат. (SE)

XS
SM
MD
LG