Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Литвада НАТОнун борбору ачылды


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Литванын президенти Даля Грибаускайте борбордун ачылышында
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Литванын президенти Даля Грибаускайте борбордун ачылышында

Литванын борбору Вильнюстагы аскерий борбордун ачылыш аземине НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг катышты.

Литванын президенти Даля Грибаускайтенин айтымында, Борбор Орусиядан байкалган жаңы коркунучтарга каршы туруп, өлкө коопсуздугун бекемдөө максатында негизделди.

“Бул чакан аскерий пункттар НАТОнун коллективдик коопсуздукту бекемдөө планынын бөлүгү. Муну менен Брюссель альянстын бир да союздашы жалгыз эмес экенин белгилегиси келет” - деди Столтенберг.

Мындай пункттар дагы беш өлкөдө-Болгария, Латвия, Польша, Румыния жана Эстонияда ачылган.

Вильнюстагы штабды Дания Куралдуу күчтөрүнүн полковниги Якоб Согард Ларсен жетектейт. Борбордо НАТОго мүчө он өлкөлөрдүн кырктай аскери кызмат өтөйт.

XS
SM
MD
LG