Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Венгрия премьери мигранттар маселесин “немистер көйгөйү” деп атады


Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбан Жакынкы Чыгыштан Европага агылган бозгундарды Евробиримдик “көзөмөлгө ала албай жатканы” үчүн Европа эли “коркунуч кучагында” калганын белгиледи. Ал Европарламенттин президенти Мартин Шульц менен жолугушкан соң мыйзамсыз мигранттар менен байланыштуу көйгөй Европа эмес, Германиянын проблемасы экенин билдирди.

-Алардын арасында эч кимиси Венгрияда калууну каалабайт. Биздин жумуш – мигранттарды каттоого гана алып коюу,- деди Орбан.

Анын бул айтканына жооп катары Германия канцлери Ангела Меркель качкындар маселеси бүтүндөй Европага таандык көйгөй болуп турганын айтты жана анын өлкөсү моралдык жактан зарыл болгон кадамдардын баарын жасай турганын кошумчалады.

1-сентябрдан тарта үч күн бою Будапештте күч кызматкерлери эки миңдей мигрантты темир жол бекетине киргизбей турушту. Алардын көбү Германияга кетүү аракетин жасашкандар болчу.

3-сентябрда темир жол бекети ачылып, бирок батышка кеткен каттамдар убактылуу токтотулган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG