Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

“Кара-Кече” көмүр кени боюнча конкурстук комиссия түзүлөт


Мындай чечимди кыргыз өкмөтү 3-сентябрдагы жыйында кабыл алды. Премьер-министр Темир Сариевдин айтуусунда, долбоордо Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу, кенди комплекстүү иштетүү жана кенде 1200 МВт кубаттуулуктагы жылуулук борборун куруу каралган.

-Долбоорду ишке ашыруу Токтогул ГЭСин куруу сыяктуу маанидеги иш. Анткени кубаттуулугу 4 агрегаттуу 1200 МВт жылуулук борбору курулуп, кенди толук кандуу иштетүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле Бишкек жылуулук борборуна толук кандуу көмүр менен камсыз кылууга болот”-деди Темир Сариев.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу жакын арада башталат, аны төрт этап менен 2020-жылга чейин бүтүрүү каралууда. Долбоордун жалпы суммасы 1, 153 миллиард АКШ доллары деп бааланууда.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, мекемелер аралык конкурстук комиссия түзүлүп, бир ай ичинде кенди комплекстүү иштетүү боюнча сынактын тартиби, шарттары даярдалат.

XS
SM
MD
LG