Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

"Ислам мамлекети" тобу ШКУ аймагына коркунуч жаратууда


Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун төрагаларынын онунчу кеңешмесинде ШКУнун баш катчысынын орун басары Сабыр Имандосов билдирди.

Имандосовдун айтымында, "Ислам мамлекети" ШКУнун аймагына олуттуу коркунуч жаратып жатат. Ал Ооганстандагы террордук уюмдар активдешип жатканын, ИМ тобу аймакка жаңы көңүл бура турган коркунучтарды жаратканын белгилеп өттү. Сабыр Имандосов аймактык коопсуздук уюмдарынын ролу күчөп бара жатканына токтолуп, "БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушканда, ал жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө аймактык уюмдардын таасири жогору экенин айткан"- деди.

Кеңешмеде ШКУнун тизмесинде 70 террористтик жана экстремисттик уюм бар экени маалымдалды. (JM)

XS
SM
MD
LG