Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Талапкер парламент депутаты Мурашевдин үстүнөн арызданды


“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайлоого бараткан, Кочкор-Ата шаардык кеңештин депутаты Кабылжан Кимсамбаев Жогорку Кеңеш депутаты Нурбек Мурашев аны сабап салганын айтып, милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 3-сентбярда штабдарды кыдырып жүргөн Кимсамбаевди Мурашев 0096 kg номерлүү машинасына салып кетип, айыл четине алып барып сабап салган.

Нурбек Мурашев үгүт иштерин жасап жүргөн Кимсамбаев менен 3-сентябрда жолукканын тастыктап, бирок сабады деген маалыматты четке какты. “Ал киши менен кечээ жолукканбыз. Бир адам беш партияга добуш берсе болот деп үгүттөп жүргөнүн билип, БШКга кайыраларымды айттым. Сөз менен айтышуу болгон, бирок сабады деген жалган”, - деди Мурашев.

Былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыгып, анын негизинде депутатка кылмыш иши козголгон болчу. Мурашев парламенттик шайлоого аттаган “Бир Бол” партиясынын тизмесинде. (КЕ/RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG