Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Келдибековдун соту бүгүн уланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Акматбек Келдибековдун соту уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов кабарлады.

Соттун 1-сентябрдагы отуруму Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Буна чейин Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековго бир эпизод боюнча: Соцфонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтоткон. Сот буга айыптоо боюнча кылмыш ишинин мөөнөтү аяктаганын жүйөө кылган.

2013-жылы ноябрда Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага Мамлекеттик салык кызматында, Социалдык фонддо жетекчи болуп иштегенде, кийинчерээк Жогорку Кеңеш спикери болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG