Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Тажикстандагы куралдуу кагылышта беш адам өлдү


Дүйшөмбүдөгү кырсык болгон жер. Тажикстан. 4-сентябрь.
Дүйшөмбүдөгү кырсык болгон жер. Тажикстан. 4-сентябрь.

Бүгүн таң эрте Дүйшөмбү шаарынын аэропортуна чукул жерде болгон аткылашууда ОМОНдун эки жоокери жана МАИнин бир инспектору окко учту. МАИнин дагы бир кызматкери ооруканага жаткырылганы кабарланды. Тажикстандын Ички иштер министрлиги кол салгандар жана алардын саны жөнүндө маалымат бербеди.

Бүгүн эле таңкы саат 5 ченде Дүйшөмбүдөн 20 чакырым чыгыштагы милициянын Вахдат шаардык бөлүмүнө кол салынды. ИИМдин маалымдашынча, кол салгандардын экөө өлтүрүлүп, дагы үчөө жарадар болгон. Расмий билдирүүгө караганда, чабуулду Зиевиддин Абдуллаев башындагы кылмыш тобу уюштурган.

“Азия-Плюс” агенттиги өз булактарына шилтеп, Вахдат шаардык милиция бөлүмүнө жасалган чабуулда төрт милиционер өлгөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG