Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Евробиримдик мигранттар кризисин талкуулайт


Мигранттар Бичке темир жол бекетинде нааразылык билдирүүдө. Венгрия, 4-сентябрь 2015

Мигранттар Бичке темир жол бекетинде нааразылык билдирүүдө. Венгрия, 4-сентябрь 2015

Миграция кризиси Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин 4-сентябрда Брюсселде болчу чогулушунда жана Вышеград төрттүгүнүн Прагада өтчү кезексиз жыйынында талкууланмакчы.

Будапешттин темир жол вокзалында 200дөй мигрант менен венгр полициясынын тиреши эки күндөн бери уланууда. 3-сентябрда мигранттарга адегенде Австрияга барчу поездге чыгууга уруксат берилип, кийин аларды качкындар лагерине баруусун талап кылышкан.

Быйыл Европанын байгер өлкөлөрүнө жетебиз деген 300 миңден ашуун качкындар Жер Ортолук деңизинен өтүштү. Алардын көбү Жакынкы Чыгыштын жана Африканын коогалаңдуу мамлекеттеринин жарандары.

Франция менен Германия Евробиримдик мүчөлөрү мигранттарды квотага ылайык бөлүп алууну туура көрсө, Вышеград төрттүгүнө кирген Чехия, Венгрия, Польша, Словакия ага макул эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG