Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Душанбенин четиндеги чабуулдарда өлгөндөрдүн саны тогузга жетти


Душанбе аэропортуна кеткен жолдогу чабуул болгон жерде адамдар сүйлөшүп турушат. 4-сентябрь 2015

Душанбе аэропортуна кеткен жолдогу чабуул болгон жерде адамдар сүйлөшүп турушат. 4-сентябрь 2015

4-сентябрда таң эртең Душанбе шаарынын аэропортунун жолундагы аткылашууда ОМОНдун эки жоокери жана МАИнин бир инспектору окко учту. Ок жеген МАИнин бир кызматкери ооруканага жаткырылды. Уруш болгон жердеги Каратегин маалеси курчоого алынып, милициягы кол салган үч куралчанды үймө-үй издөө иштери жүрүүдө.

Бүгүн багымдатта куралчандар тобу Душанбеден 20 км чыгыштагы Вахдат шаардык милицияканасына да чабуул жасашты. ИИМнин жооптуу кызматкеринин “Азаттыкка” маалымдашынча, салгылашууда төрт милиционер, куралдуу топтун жетекчиси Зиевиддин Абдуллаев жана анын бир жигити набыт болушкан. Үч куралчан жарадар болгон. Ырасмий билдирүүгө караганда, чабуулду Зиевиддин Абдуллаев башындагы кылмыш тобу уюштурган.

Милициянын айтымында, эки чабуулдун ортосунда эч кандай байланыш жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG