Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Атамбаев расмий сапар менен Иранга учуп кетти


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Иранга расмий сапар менен жөнөп кетти. Өлкө башчы 5-сентябрда эртең менен Иран лидери Хасан Роухани менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт. Бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Ушул эле күнү Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани, өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушат.

Мамлекет башчысы башында турган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, энергетика министри Кубанычбек Турдубаев, экономика министри Олег Панкратов жана башкалар бар.

Президент Атамбаев 6-сентбярда Кыргызстанга кайтып келет. Өлкө башчысы 1-3-сентбярь күндөрү Бээжинде сапарда болду. (КE/ZMa)

XS
SM
MD
LG