Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Кыргызстан ирандык инвестчилерге кызыкдар


5-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин Иранга расмий иш сапары башталат. Ага катышчу кыргыз делегациясынын курамындагы Кыргызстандын унаа жана байланыш министри Аргымбек Малабаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Кыргызстан Иранга унаа жол, аба жана темир жол багытында кызматташуу боюнча бир катар долбоорлорду сунуштамакчы. Эки тараптуу жолугушууларда ушул багытта сүйлөшүүлөр жүрөт.

Ушул жылдын башында Бишкектеги жыйында Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Нажафи өз өлкөсү энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин билдирген. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 400 ирандык жашайт. Алар негизинен өндүрүш, соода жана билим берүү тармагында иштешет.

5-сентябрда президент Атамбаев Иран лидери Хасан Роухани менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт. Тегеранда эки өлкөнүн алака-катышын чыңдоочу бир катар документтерге кол коюлат. Президент Атамбаевдин иш сапары 6-сентябрда соңуна чыгып, Кыргызстанга кайтып келет. (КE/ZMa)

XS
SM
MD
LG