Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Ташкенде мечиттин жанында жума намаздан кийин бомба жарылды


Ташкенттин жардыруу болгон Чорсу району. 4-сентябрь 2015
Ташкенттин жардыруу болгон Чорсу району. 4-сентябрь 2015

Шаардык милициядан бомба 4-сентябрда Ташкендеги Токтобай мечитине чукул жердеги автобустун аялдамасында жарылганын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына тастыкташты. Бомбаны белгисиз бирөө аялдамага калтырып, качып кеткенин күбөлөрдүн бири милицияга айткан. Жардыруудан эч ким жабыркаган эмес.

Токтобай мечитинин 1990-жылдардагы башкы имамы Обидхон кары Назаровды бийликтер ислам согушчандары менен кызматташасың деп айыптагандан кийин ал 1998-жылы Өзбекстанды таштап кеткен. Обидхон кары 2006-жылы Швециядан баш паанек алган жана 2012-жылы Стромсунд шаарында ага кол салынган. Швециянын прокурору Кристер Петерссон 2-сентябрда “Азаттыкка” берген интервьюда Обидхон карыга кол салууну өзбек бийликтери уюштурганын тастыктаган далилдер арбын экенин айткан.

XS
SM
MD
LG