Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Паспорту - элетте, ээси - Бишкекте


Шайлоо
Шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү паспорттогу дарегинде эмес, башка жерден шайлоочу жарандардын саны 200 миңден ашары болжолдонууда.

Ички миграциянын эсебинен Ош менен Бишкекте айылдардан көчүп келгендер арбын экендигин, жаңы конуштарда шайлоо күнү топураган тыгындар болуп калышын эсепке алган БШК эки шаарга кошумча 40тан ашуун убактылуу шайлоо участкаларын ачууда. Боршайкомдун мүчөсү Рашид Бекбасаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай участоктор жаңы конуштарда ачылат, ага Бишкекте 200 миңден ашуун шайлоочулар добуш бермекчи.

- Биздин эсеп боюнча Бишкекте 200 миңден ашык башка аймактарда жашаган жарандар биометрикалык маалыматын тапшырган. Булардын бардыгы шайлоого Бишкектен эле катышат деген божомолдорубуз бар. Азырынча арыз жазгандар аз эле, бирок шайлоого жакындаганда көбөйөт деп турабыз.

Бишкектеги жаңы конуштардын бири
Бишкектеги жаңы конуштардын бири

Жаңы конуштагылардын добушу чоң күчкө ээ болуп калгандыктан, партия талапкерлери алардын көңүлүн алуу үчүн түрдүү амалдарды издөөдө. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдиргендей, айрым талапкерлер жетиштүү добуш алуу үчүн Бишкектеги тааныш-билиштерин өзүнө тиешелүү участкаларга алып барып, шайлоого катышууга арыз жаздыртууда. Бул бир жагынан мыйзамдуу болгону менен аларды каттоого алуу БШК үчүн бир топ оорчулуктарды жаратып жатканын төрага жашырган жок.

Минтип "орун алмашуунун" мыйзамдашуусуна БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев макул эмес. Анын айтуусунда, мындай аракет "пара берүү" же "сатып алуу" катары эсептелет, анын укуктук жоопкерчилиги мыйзамда каралган.

- Азыр талапкерлер округдарды бөлүп алды. Кыйбас кишилерин же тааныштарын ушул жактан добуш бергиле деген үгүттөө башталды. Бул үчүн шайлоочуларды сатып алуу же кызыкчылык деген беренелер мыйзамда бар. Бирок ким аларды көзөмөлгө алат, канчалык деңгээлде мыйзам аткарылат деген суроолор турат.

Паспорттогу дарегине катталбай башка жерден шайлай тургандар 19-сентябрга чейин 2-форманы толтуруп, арыз жазуусу керек. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев шайлоочу арыз жазган күндөн баштап, анын каттоодо турган тизмедеги аты-жөнү өчүрүлөрүн айтууда. Бул жол менен Каттоо кызматы шайлоочунун эки участоктон добуш берип ийбесин алдын алууда.

Шайлоо
Шайлоо

- Мисалы, каттоосу Ошто болуп, бирок Бишкектен шайлайм десе шайлоо участкасына келип, форма 2 деген документти толтурат. Ошондон кийин биз анын Оштогу участкасынан алып, каттоосун Бишкекке койобуз. Ушундай жарандар Бишкекте 200 миң болот деп турабыз. 19-сентябрдан кеч калгандар шайлоого катыша албайт.

Бейөкмөт уюмдарынын маалыматында, шайлоочуларды 15 күн калганга чейин өзүн тизмеден тактап, же арыз жазууга ынандыруу кыйын болот.

“Коомдук анализ” институтунун жетекчиси Рита Карасартова жарандар эртең шайлоо күнү дегенде гана кыймылдап, алдын-ала арыз жазганды унутуп, кабар албай калышы мүмкүн. Натыйжада көпчүлүк адамдар арасында шайлоо күнү түшүнбөстүктөр чыгышы ыктымал.

- Шайлоочулар 15 күн калганга чейин арыз жазганы барышпайт. Шайлоо болгон күнү барып алып, мен шайлашым керек, укугуман ажыратып жатасыңар дегендер башталат. Негизинен жарандар биометрика тапшыргандан кийин, прописка схемасы жоюлуп, кайсыл жерден добуш берип жатканы эсепке алынбай калышы керек болчу.

Ички мигранттардан тышкары 2-форма менен шайлоого милиция, байкоочулар жана участкалык комиссия мүчөлөрүнө уруксат берилүүдө. БШК муну менен шайлоо күнү алардын өзүнө тиешелүү участкаларга барып шайлоого убактысы болбой каларын эске алууда.

Жалпысынан шайлоо күнү Бишкекте 39, Ошто жети убактылуу шайлоо участкалары шайлоочуларды кабыл алат.

XS
SM
MD
LG