Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Ош облусунун казысы дайындалды


Кыргызстандын муфтияты бир катар облустарда казыларды дайындады. Муфтий Максатбек Токтомушев 4-сентябрда Самидин Атабаевди Ош облусунун казысы кылып дайындаса, Мамбетасан Ибраев Нарын облусунун казысы болуп калды.

Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, Пазыл Султанмуратов Баткен облусунда казылык кызматка киришти. Мындан башка Жайыл, Чүй, Панфилов, Сузак райондорунун имамдары дайындалганы маалым болду.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын конкурстук комиссиясынын чечимине ылайык алдыда Талас, Жалал-Абад облустары жана Ош, Бишкек шаарларына казылар конкурстан өткөрүлөт.

Казыларга сынактын 2-туру 8-сентябрда муфтияттын имаратында болот. (SDz)

XS
SM
MD
LG