Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Тажик өкмөтү “Ходжа Халимдин” багынуусуна убакыт берди


Тажикстан өкмөтү "Ходжа Халим" катары белгилүү Абдухалим Назарзода жана анын шериктерине кайрылып, кан төгүүсүз багынып берүүсүн талап кылганы туурасында "Азаттыктын" тажик кызматы күч структурасындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Ромиттеги "Озоди" радиосунун кабарчылары төрт өткөрмө посттон өтүшкөнүн айтышып, бүгүн ал жакка күч кызматынан 150 адам алып келингенин маалымдашты. Өкмөт абал тынч экенин айтып, райондо бардыгы көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

5-сентябрда эртең менен Ромитке кирген аскер унаалары кайра артка кайта баштаганын "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчылары ушул эле күнү билдиришти.

Тажикстандын ИИМ 4-сентябрда Вахдат жана Дүйшөмбүдөгү аскер бөлүктөрүнө террористтик чабуулду Абдухалим Назарзода жетектегенин ырастоодо. Кагылышта сегиз милиция жана тогуз аскер кызматкери курман болушкан.

Абдухалим Назарзода Тажикстандын коргоо министринин орун басарлык кызматынан быйыл 4-сентябрда “кылмыш жасоо” беренеси менен бошотулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG