Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:26

Миңдеген мигранттар Венгрия аркылуу Австрияга келүүдө


Австрия бийлиги качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдирип, 2 миңге чукул мигранттар бүгүн Венгриядан Австрияга келишти. Жума күнү Венгриянын бийлиги качкындарга автобустарды бөлүп берип, калган бөлүгү темир жол аркылуу Австрияга сапар алышты. Күндүн аягына чейин кошумча жүздөгөн качкындардын келиши күтүлүүдө.

Будапешт өз аймагы аркылуу мигранттарды өткөрүүгө каршы болуп, Евробиримдиктин талабына ылайык алар каттоого алынышы керектигин талап кылып келген.

Жума күнү Венгриядан 300гө чукул качкын миграциялык лагерден качып, Сербияга жакын чек аранын жанында жашынып алышканын маалымдаган.

Жыл башынан бери 40 миңден ашык мигрант Сербиянын аймагы аркылуу Венгрияга келишкен. Ушундан улам Будапешт чек арада бийиктиги 3,5 метрге жеткен дубалды куруп келет. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG