Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

Тажикстандагы операцияда 17 согушчан жок кылынды


Тажикстандагы атайын операциянын жүрүшүндө мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын 32 тарапташы кармалды. Билдирүүдө камтылгандай, кошумча 17 согушчан күч органдары тарабынан жок кылынды.

Бүгүн Дүйшөмбү шаарынан 50 чакырым чыгыштагы ИИМ кызматерлерине чабуул жасаган согушкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Назарзоданын жанында Коргоо министрлигинин полковниги Жунайдулло Умаров дагы бар деген маалыматтар бар. ИИМдин маалыматында операция болуп аткан жерде 135 куралдуу согушкер бар.

Абдухалим Назарзода өзү Дүйшөмбүдөн 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайында жашынып алганы тууралуу маалыматтар бар. Согушкерлер жүргөн аймак курчалганы менен аларды кармоо операциясы азыркыга чейин токтой элек. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG