Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Порошенко: Донбасс бир жумадан бери тынч


Украинанын президенти Петро Порошенко өткөн жумадан баштап, биринчи жолу Минск келишими иштей баштаганын айтты.

- Фронтто атышуу токтогонуна бир жума болду. Бул Минск келишиминин иштей баштагынын алгачкы жумасы. Атышуудан каза болгондор катталган жок, - деди Порошенко.

Бирок Порошенко согуш талаасында жарадар болгон жоокерлер барын да жашырган жок.

Украин президенти өз сөзүндө “Норманд форматындагы” сүйлөшүүлөр тууралуу токтолуп, бул формат күчтүү, Украина тараптагы коалиция экенин айтты.

"Бизде трансатлантикалык координация бар, АКШ жана Канада - Украина тарапта. Жапония жана Австралиянын коштоосунда дүйнө жүзү биз тарапка ооп калды",деп белгиледи Порошенко. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG