Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Тажикстан: Назарзоданын иниси милицияга багынды


Тажик ИИМнин басма сөз кызматы маалымдагандай, Абдухалам Назарзоданын иниси Мирзохаёт Назаров өз ыктыяры менен милицияга багынып берди.

Учурда ИИМ, УКМК менен биргелешкен операция уланып, 32 согушчан кармалганы тууралуу маалымат кызматтан кабарлашты. Ага кошумча 500 курал-жарак жана ок-дарылар, эки транспорттук унаа алынды.

Согушкерлер тобунан бөлүнүп калган Назарзоданын иниси Мирзохаёт Назаров өз ыктыяры менен колго түшүп берген.

Тажик ИИМи Абдухалим Назарзода өзү Дүйшөмбүдөн 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайында жашынып алганы тууралуу маалыматтар бар экеинин айтууда.

“Азаттыктын” тажик кызматынын маалыматында күч структуралары Абдухалим Назарзода жана анын шериктерине кан төгүүсүз курал жарактарды таштоого убакыт берген.

Тажикстандын ИИМ 4-сентябрда Вахдат жана Дүйшөмбүдөгү аскер бөлүктөрүнө террористтик чабуулду Абдухалим Назарзода жетектегенин ырастоодо. Кагылышта сегиз милиция жана тогуз аскер кызматкери курман болушкан.

Абдухалим Назарзода Тажикстандын коргоо министринин орун басарлык кызматынан быйыл 4-сентябрда “кылмыш жасоо” беренеси менен бошотулган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG