Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Лукашенко президенттик шайлоого катышууга документин тапшырды


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларус президенти Александр Лукашенко Боршайкомго президенттикке талапкер катары катталуу үчүн документтерин берди. Бул туурасында Беларус БШКнын сайтында жазылды.

Буга чейин БШКга Татьяна Короткевич, Сергей Гайдукевич жана Николай Улахович өз документтерин тапшырган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлер 5-сентябрга чейин документтерин тапшырып, талапкерлерди каттоо 10-сентябрда өтмөкчү.

Беларус оппозициясы жарандарды президенттик шайлоого катышпоого үндөөдө. Август айынын соңунда Беларус оппозициясынын лидерлери шайлоону мыйзамсыз деп, аны өткөрүүгө каршылык билдиришкен. Николай Статкевич, Владимир Некляев, Анатолий Лебедько жана Павел Северинец башында турган оппозиция өкүлдөрү жарандарды шайлоого катышпоого чакырып келишет.

Беларус президентин шайлоо 11-октябрга белгиленген. (SDz)

XS
SM
MD
LG