Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Дүйшөмбүгө кире бериште атышуу орун алды


Бүгүн кечинде Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө Вахдат шаары тарабынан кире бериште МАИ бекетине куралдуу кол салуу болду. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, атышуу учурунда жабыр тарткандар болгон жок. Чабуул кечки саат 17:50дө орун алды.

Белгисиз адамдар Вахдат шаарына автоунаа менен качып кетишти, күч кызматкерлери аларды кууп жөнөдү, - деп айткан өздүк булак.

Азырынча расмий бийлик бул факты боюнча эч нерсе билдире элек.

4-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон кагылышта 17 адам, сегиз милиционер жана куралдуу топтун тогуз мүчөсү каза болгон. Куралчан топту кармоо операциясы бүгүн да уланууда. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG