Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

ЕККУ Тажикстандагы чабуулду айыптады


ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын президенти Илкка Канерва ишемби күнү билдирүү менен чыгып, 4-сентябрдагы Дүйшөмбүнүн айланасындагы куралдуу чабуулду айыптады.

“Тажикстандагы терактта согушкерлердин максаты милиция кызматкерлерди жок кылууга багытталганы таасын байкалууда. Зордук-зомбулуктун мындай түрүнө жол берилбеши керек жана биздин дүйнөдө ага орун жок. Тыкыр иликтөөдөн кийин, күнөөлүүлөр өз жазасын алышы абзел. ЕККУнун Парламеттик ассамблеясынын атынан чын жүрөктөн курман болгондордун жакындарына көңүл айтам," – деп жазылган Илкка Канерванын билдирүүсүндө.

Тажикстандын ИИМи коргоо министринин мурдагы орун басары Халим Назарзоданы 4-сентябрда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө куралдуу кол салды деп айыптоодо. Согушчандардын чабуулунан соң сегиз күч кызматкери каза болгон. Качып кеткен генералды Рамит капчыгайында издешүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG